super.kg logo

Даават, жума намаз, айт намаздарына чектөө киргизилеби? Муфтияттын жообу

 

Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгына баш калаадагы даават жана массалык иш-чараларды коронавируска байланыштуу токтотуп турууну Бишкектеги Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору сунуштады. Бул боюнча SUPER.KG порталы муфтиятка байланышканыбызда, отурум өткөрүлүп андан соң чечим чыгарын билдиришти.

"Даават, жума намаз, айт намаздарын өткөрбөө боюнча муфтиятка кечээ кечинде сунуш келген. Бизде азыр ал сунуш каралып жатат. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Бишкекте бардык намаздар аралыкты сактап окулуп жатат. Экинчиден Орозо айы башталгандан баштап ооз ачарлар мечиттерде өткөрүлгөн жок. Кафе-ресторандарда болуп жаткан ооз ачарларга биз жооп бербейбиз. Калган маселелер боюнча бизде отурум болуп чечим кабыл алынат", - дешти аталган мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: