ЕЭК кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө шекерди бажы алымынан убактылуу бошотуу чечимин кабыл алды



Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейинки мезгилде шекерди бажы алымсыз киргизүү түрүндө тарифтик жеңилдетүү сунуштоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Мындай чечим вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковдун видеоконференцбайланыш режиминде өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги кеңешмесинде кабыл алынды.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасына – 40 миң тоннадан ашпаган көлөмдөгү, Арменияга – 22,4 миң тоннадан ашпаган, Казакстанга – 134,4 миң тоннадан ашпаган, Орусияга 350 миң тоннадан ашпаган көлөмдөгү шекерди киргизүүдө бажы алымынан бошотулат.
Кеңештин аталган чечими анын расмий жарыяланган күнүнөн тартып 10 календардык күн өткөн соң күчүнө кирет.
ЕЭК коллегиясы бирликке кирген мамлекеттер менен биргеликте ай сайын, тарифтик жеңилдикти колдонуу менен шекердин импорттолгон иш жүзүндөгү көлөмүнө, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин ички рыногундагы сатуу көлөмүнө мониторинг жүргүзүп, ЕЭК кеңешине маалымат берип турат.
Тараптар рыноктогу шекердин баасына байланыштуу абалды эске алуу менен зарыл болгон учурда үстүбүздөгү жылдын июль айында кошумча стабилизациялык чаралар тууралуу маселени кароого кайрылууну макулдашты.
Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирбеген өлкөлөрдөн ташылып келинген шекерге импорттук алым тоннасына 340 долларды түзөт.
