Камчы Көлбаев 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту кримавторитет Камчы Көлбаевди 5 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Көлбаевдин үй-мүлкү конфискацияланып, күчөтүлгөн режимде жаза мөөнөтүн өтөйт. Мындай өкүмдү сотто бүгүн, 18-октябрда судья Абдразак Боронбаев окуду. Айта кетсек, Көлбаев "акча талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал эми мыйзамсыз баңгизат сактоо, бийлик өкүлүнө кысым көрсөтүү, адам уурдоо жана башка беренелер боюнча акталды.
Камчы Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян соттун чечимине макул эмес жана жогорку инстанцияга арыздана турганын билдирди. "Кардарымдын толук акталышын өтүнүп, шаардык сотко арызданам",- деди жактоочу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

