super.kg logo

Социалдык тармакты колдонууга тыюу салынды. Гүлзат Аалиева июнь айына чейин үй камагына чыгарылды

 

Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу дин жана аймактар ​​аралык кастыкты козуткан делинип философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева камакка алынган. Бүгүн, 23-апрелде ал үй камагына чыкканын жактоочу Замир Жоошев тастыктады.

Жактоочунун айтымында, Гүлзат Аалиева 21-июнга чейин үй камагында болот.

"Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Гүлзат Аалиева үй камагына чыкты. Сот ага кечки саат 22:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин үйдөн чыгууга жана шаар аймагынан тышкары чыгууга тыюу салды. Ошондой эле социалдык тармакты колдонууга болбойт", - деди ал.

Эске салсак, Биринчи Май РИИБине ушул жылдын 19-февралында Д.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси "Фейсбук социалдык тармагы аркылуу дин жана аймактар ​​аралык кастыкты козуткан Гүлзат Аалиева аттуу жаранга чара көрүүнү суранам" деп жазган. 2 күндөн кийин философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.04.2021. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми эсине келээр эси жок катын.
23.04.2021. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бийликти сындап койсо куноосу жок болсо дагы алып барып камап коюшат.Ушуга окшогон элди экиге болгондорго эч нерсе кылышпайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: