super.kg logo

Миллиардер Илон Маск 2021-жылдын алгачкы 4 айында кайрымдуулукка 150 миллион доллар которгон

 
АКШлык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск 2021-жылы кайрымдуулукка 150 миллион доллар которгон. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын алгачкы төрт айында Маск 150 миллион долларга жакын каражатты кайрымдуулукка жумшаган. Илон Масктын эң чоң кайрымдуулук жардамы 100 миллион доллар болгон, аны ишкер көмүр кычкыл газын кармоонун мыкты технологиясын ойлоп табуу үчүн убада кылган.
Буга чейин Илон Маск бир аптада кирешесин 12 миллиард 8 миллион долларга көбөйткөн, бирок "Tesla" унаасы менен жол кырсыгына кабылып каза болгон 2 адамдан кийин 5 миллиард 100 миллион доллар жоготкон.
Январь айында Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде биринчи орунга чыккан. Учурда ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде үчүнчү орунда турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: