Үй-бүлөсүндө толуктоо күтүп жаткан ырчы Минур Алтынбеков менен жубайы ымыркайдын жынысын ачыктады
"Жебе" тобунун мурдагы солисти, ырчы Минур Алтынбеков менен жубайы Жазгүл Абылбекова учурда экинчи наристесин күтүүдө. Үй-бүлөсүндө толуктоо күтүп жаткан түгөйлөр курсактагы ымыркайдын жынысын ачыктады.
Тагыраагы, Жазгүл айымдын туулган күнүнө арналган кечеде түгөйлөр наристенин жынысын коноктордун алдында маалым кылды. Ага ылайык, карындагы ымыркай кыз болот.
Кубанычы менен тең бөлүшкөн түгөйлөр айтылып, жазылып жаткан куттуктоолорго ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
Минур Алтынбеков сүйүктүүсү Жазгүл айым менен 2018-жылдын сентябрь айында баш кошкон. Түгөйлөр 2019-жылы 21-июлда Алихан аттуу уулдуу болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.