Леонардо Ди Каприо комедия жанрындагы тасмада башкы ролду жаратат. Ал сценарийин 5 ай бою изилдеп чыгып, анан макулдугун берген

Маалыматка ылайык, Леонардо Ди Каприо беш ай бою 2021-жылы жарыкка чыга турган тасманын сценарийин иликтеп, тактап чыккан. Комедиянын режиссёру жана сценаристи Ди Каприонун өз тасмасында башкы ролду ойноону каалай турганына ишенген эмес. Бирок актёр сценарийди аябай жактырып, төрт-беш айга чейин изилдеп, жаңы идеяларды сунуш кылган.
"Карантинге байланыштуу бизди үзгүлтүккө учуратты, бирок биз бул тасманы тартуунун коопсуз жолун тапсак, тартуу иштерин баштайбыз. Ал актёрлор курамына кирди. Мен ишене алган жокмун", - деген режиссёр Адам Маккей.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.