super.kg logo

Чүйдө күйөөсү көмүп салган келин: "Буту менен башымды басып туруп көмүп жатты"

 

Чүй облусунун Панфилов районунда күйөөсү аялын тирүүлөй көмүп салган. SUPER.KG порталына окуя болгон жерге барып, жабырлануучу келин, анын апасы, бир туугандары менен маектешти.

Жабырлануучу келин Панфилов РИИБине кечээ, 23-апрелде арыз жазды. 22-апрелде ал арыз жазганга чамасы келбей койгонун айтты. Үнү мукактанып, мууну бошоп турган келин аты-жөнүн айтууну каалаган жок.

"Базарга кеткен, келип үйгө кирип, кайра эшикке чыгып кетти. Кайра бир жарым сааттан кийин келип эле "мен сага көргөзөм, айтып бересиң" деп чачымдан сүйрөп, уруп эшикке сүйрөп чыкты. Колумду байлайм деди, бирок тырышып кармаштым. Тээп жиберди окшойт, чуңкурга кулап түштүм. Казылуу экен, тура албай койдум. Буту менен башымды тээп, көмө баштады. Аба жетпей баштады, сыртка чыгар, баарын айтып берем дедим. Балам баарын карап туруптур, анан ал кошуна эжеге барыптыр. Бирок ал келгенде такыр жолотпой койду. Анан иним келди, бирок аны дагы жолоткон жок. Бир убакта балдар келип, мени казып чыгарып, үйгө киргизишти.

Орусиядан келгени эле мени уруп жатты, буга чейин дагы сабаган. Бир күн мурун эле апамдан кечирим сурап алып кеткен. Анда дагы дарыланып анан баргам. Ортобузда беш бала бар. Кайын журтум деле билчү, бирок аны жолдошум уккан жок", - деди жабырлануучу келин.

Кызы жүндөй сабалып, ал гана эмес, жерге көмүп салганы эненин төбө чачын тик тургузган. Асымкүл Молдокулова кызын күйөө баласы буга чейин дагы сабап жүргөнүн, бирок ортодо беш бала бар деп жараштырып жүрүшкөнүн айтат.

"Кызым бир өлүмдөн калды, кошуналары алып калыптыр. Болбогондо өлмөк экен. Күйөө балам кызымды көмүп туруп видеого тартып, Кум-Арыктагыларга жөнөтүптүр. Эми ал видео кимде бар экенин билбейм. Биринчи көргөн адам унаасын айдап алып эле кичүү балама келип, аны салып кетиптир. Дүкөндөн келсем эле кызыңарды сабап жатат деп айтып, айылдын балдары мени ошол жакка алып барышты.

Кызымды күйөөсү менен жараштырып кетиргениме эки эле күн болгон. Азыр балдарым урушуп жатат, баарын жашырып жүрүп ушул болду деп. Беш баласы бар, беш бала төрөп берген күнөөсү үчүнбү, билбейм.

Биринчи сабаганда дарыгерлерге көрсөтүп, укол сайып, араң айыктырдым. Андан кийин кайра жараштырдык, кайра экинчи жолу түнү сабаптыр. Кызым үйгө түнкү саат 3тө качып келди. Бул үчүнчүсү. Эми жерге тирүүлөй көмүп жатат", - дейт Молдокулова.

Келиндин бир тууган агасы Адилет Айдаралиев арыз жазбай койду деп үрөй учурган ишти кылган күйөөнү кармап турбай, кетирип жиберген милиция кызматкерлерине нааразы.

"Күйөө балам кармала элек, бирок ал келип бизди бир нерсе кылып кетсе ким жооп берет? Милиция өз көздөрү менен кандай иш болгонун көрүштү. Карындашым кечээ арыз жазгандай абалда эмес болчу. Ал катуу нес абалында болуп калган. Ошондуктан эми жазып жатат. Бул жерде адам өлүш керек окшойт. Ал деген өлтүрөйүн деди да. Аны эмнеге коё беришет? Бир аз кармап туруп, сурашса болмок да", - дейт Айдаралиев.

SUPER.KG порталы бул окуя боюнча экинчи тараптын дагы пикирин угууга даяр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(15)
24.04.2021. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Милицияга акча керек болду да
24.04.2021. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-28
5 баласы бар эркек аялын айыбы жок болсо эчкачан сабабайт. Балким бир иши бардыр же бузулгандыр аялы,же ойношу мн кармап алгандыр. Билбей туруп бир жакты куноолош кыйын! Ойношу мн кармап алса олтуруп комуп койгон жакшы,себеби башканыда бузат ал аял!
24.04.2021. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Basr87,тооба, ушундай караңгы адамдардын бар экени өкүндүрөт.Өлтүрбой эле ажырашып кет Нары
24.04.2021. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Basr87,5 баласы менен айылда жудомуш жашоодо ким карасын.Бул деген кара туркойлуктун айынан келип чыгат.Кызганыч озуно бааны томон берген кишиде болот.Агалары жанчып салбаптыр.
25.04.2021. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
5 баласы бар аял ойношко бармак түгүл өзүнүн чачын тараганда убактысы болбойт менин оюмча. Анан кайдагы башка эркек, кайдагы ойнош. Шектүү шектенет болуп, эркектер өздөрү левый жакка барып алып анан айыбын жашыруу үчүн аялын да ошондой кадамга барат деп ойлошот. Жалган бир ушакка ишенип себебин, чын бышыгын аныктабай туруп сабай бергендин не кереги бар? Алсыз эркек аялын урат!!! Алсыздыгын далилдеген эркектер да көбөйүп баратат азыркы учурда.
26.04.2021. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Basr87,чон суйлобо же кыска ойлобо бул иш сенин башына да тушушу мумкун. Эже карындашына же кызына, тообо де. Азыр айбан тушунугу кем эркектер кобойду Кудай бар баарыбызга
24.04.2021. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Милицияны да камаш керек коруп туруп койо Берген
24.04.2021. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Адам эмес булар
24.04.2021. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аялга кол которгон эркек онолбойт жакшы болуп кетет урбайт эми деп жараштырганга болбойт аялга кол которгон эркек колун чаап таштаганга чейин которо берет.
24.04.2021. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бала деп чыдап журо берип озуно зыяны тийди байкуш эженин,кызганганда чеги мн болуш кк,келесоо камалса экен.
Gulina90 түзөттү 2021-04-24 18:33:56
24.04.2021. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баландан короосун айбан сени да комот балан ошондо болот азабын
25.04.2021. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келиндин агалары эмнени кутуп турасынар барып туруп эки колун чапкыла куйоо соройдун
25.04.2021. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечээ күнү бул жаңылыкты окуп алып аялдын доом жок деп тосмо арыз жазып бергенине жиним келген. Көрсө аялдын жакындарына да күнөө. Кыргызда кеп бар го, чыккан кыз чийден тышкары, барган жериңден кайтып келбе уят болот деп намыска салып жүрө беришет. Биринчи сабалганда, укол сайдырып араң айыктырып анан кайра жараштырып жибериптир. А неге?!!! Куру намыска салгандын айынан үй бүлөлүк зомбулук көбөйгөндөн көбөйүүдө! Качанкыга чейин аял заты балдар үчүн, уят үчүн зомбулукка чыдаш керек?!!!
25.04.2021. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин милиция кызматкерлерибиз эмне эле болуп калышкан кылмыш кылса койо беришет күнөөсү жок болсо камап коюшат. Болбойт мындай
26.04.2021. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursul,аларга ошол аял менен кошо акча да көмүлдү дегенде заматта жетип барма. Экинчиден өлтүрсө камашат, ана чейин бошото беришет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: