super.kg logo

Орусиянын "Выстрел" брондолгон унаасынын адаттан тыш варианты Казакстанда көрүндү

 

Казакстандын Мангистау облусунда "Калкан-2021" ыкчам-тактикалык машыгуулары өттү. Бул машыгууда Орусиянын "Выстрел" адаттан тыш унаасы Казакстан армиясында жүргөнү байкалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бул иш-чарага көп сандаган ар кандай аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде Орусияда жасалган "Выстрел" брондолгон техникалары тартылган. Машыгууда байкалган атайын жасалган, адаттан тыш унаа жөнөкөй, бирок эффективдүү дизайн. Ал оор куралдардан жана гранаталардан коргойт.

"Выстрел" брондолгон техникалары орус армиясында кеңири колдонулат. Унаалардын мыкты экени Сирияда жүргөндө байкалган.

Бул унаалардын ар кандай варианттары түзүлгөн. Анын ичинде чалгындоо, ошондой эле 30 миллиметрлик замбирек, AГ-17 автоматтык гранатомёт жана пулемёт менен жабдылган моделдер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: