super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Корея менен Японияга Бажы биримдигине кирүүнү сунуштайм"

 
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев 18-октябрда Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында өткөн "Евразия чөлкөмүндөгү глобалдык кызматташуу" аттуу конференцияга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жоомарт Оторбаев көпчүлүк мамлекеттер Корея Республикасынын аз убакыттын ичинде экономикалык жетишкендиктерине суктанышарын айтып: "Евразия чөлкөмүнүн алдында маанилүү максаттар бар. Ал максаттарга жетүү үчүн Евразия мамлекеттери чек араларын ачып, базар экономикасын кеңейтиши керек. Ийгиликке жетүү  үчүн кызматташуу улуттук, аймактык жана глобалдык деңгээлде болушу керек",- деди ал. Мындан сырткары биригип иш алып барууда кыйынчылыктар, көйгөйлөргө токтолду. "Континенттеги мамлекеттер башка болгону менен, алардын карап жаткан маселелери окшош. Айыл жашоосун, транспорт жана энергетика инфраструктурасын өнүктүрүү, калктын санын өстүрүү, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана ишкердикти өнүктүрүү",- деди Оторбаев. Биринчи вице-премьер-министр Бажы биримдигине кирүү алдында турган кыргызстандык ишкерлер атаандаштыкка туруштук берип, ишкердик аймагын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк аларын белгилеп: "Бажы биримдиги Евразия экономикалык биримдигине мүчө болууга мүмкүнчүлүгү бар. Мен Корея менен Японияны да Бажы биримдигине кошулуп, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү сунуштайт элем",- деди ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: