super.kg logo
  Спорт  

UFC 261: "БУУУМ!". Валентина Шевченко атаандашынын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жетти

 

Бүгүн, 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында UFC 261 турнири өтүүдө жана бул турнирде UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мушкер Жессика Андрадеге каршы бешинчи ирет чемпиондук наамын коргоду.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2021-04-25 09:24

Валентина Шевченко салтка айланган "Лезгинка" бийин бийлеп берди. Күйөрмандар аны укмуштуудай колдошту. Валентина, азаматсың!

2021-04-25 09:23

Валентина Шевченко кереметтүү Кыргыз өлкөсүнө салам айтып, кийинки атаандашы ким болсо дагы даяр экенин айтты.

2021-04-25 09:22

Сөз жок! Валентина Шевченко 7-ирет катары менен жеңишке жетти. Аны эжеси Антонина Шевченко чуркап келип кучактады.

2021-04-25 09:21

Оуууу! Техникалык нокаут. Валентина Шевченко атаандашына бир дагы мүмкүнчүлүк бербей, бетин канжалатты.

2021-04-25 09:20

Валентина Шевченко атаандашын кайрадан көтөрүп чапты.

2021-04-25 09:19

Шевченко Андраденин үстүнө чыгып, аны ийини менен муунтуу аракетин көрдү. Бирок Андраде андан кайра чыгып кетүүгө жетишти.

2021-04-25 09:17

Экинчи бөлүк башталды. Валентина Шевченко атаандашын кайрадан көтөрүп чапты.

2021-04-25 09:16

Учурда кыргыз мушкери атаандашынан бир топ активдүү болууда. Ал Андрадени кайрадан көтөрүп чапты.

2021-04-25 09:16

Беттештин биринчи бөлүгү аяктады.

2021-04-25 09:15

Валентина Шевченко атаандашын муунтууга өттү.

2021-04-25 09:15

Андраде муунтуу ыкмасынан оңой эле чыгууга жетишти.

2021-04-25 09:14

Валентина Шевченко атаандашынын бетине 3-4 жолу таамай сокку багыттаган соң, Андраде аны кучактап калууга жетишти.

2021-04-25 09:12

Күйөрмандар Валентина! Валентина! деп кыргыз мушкерин колдоп кыйкырганы даана угулду.

2021-04-25 09:12

Ал ортодо Шевченко атаандашын көтөрүп чапканга жетишти. Кыргыз мушкери учурда атаандашынан бир топ активдүү болууда.

2021-04-25 09:11

Беттештин калысы эки мушкерге эрежелер тууралуу айтып, беттеш башталды. 

2021-04-25 09:09

Турнирдин алып баруучусу эки мушкерди тааныштырууда. Шевченко менен Андраде 5 бөлүк беттешет.

2021-04-25 09:08

Беттеш башталганга чейин Влентина Шевченко машыктыруучусу менен сүйлөшүүгө жетишти.

2021-04-25 09:07

Валентина Шевченко машыктыруучусу, эжеси менен кучакташып, калыстардын текшерүүсүнөн өтүп, сегиз бурчтукка чыкты. Алга Валя!

2021-04-25 09:06

Көзүңө жаш тегеренет. Валентина Шевченконун артынан Кыргыз өлкөсүнүн желеги көрүндү.

2021-04-25 09:05

Көптөн күткөн көз ирмем. Валентина Шевченко сегиз бурчтукка келүүдө.

2021-04-25 09:02

Сегиз бурчтукка биринчи болуп Жессика Андраде жакындап келүүдө.

2021-04-25 08:59

Спорттук аренадагы күйөрмандар эки мушкерди чыдамсыздык менен күтүшүүдө, ал ортодо эки мушкер жөнүндө промо ролик көрсөтүлдү.

2021-04-25 08:55

Валентина Шевченко менен Жессика Андраденин беттеши расмий түрдө башталып, эки мушкердин чечинүүчү жайы түз эфирден көрсөтүлдү.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
25.04.2021. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сары кызга ийгилик
25.04.2021. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ийгилик
25.04.2021. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баракелде азаматсын
25.04.2021. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аялын Урган эркектерге салыш керек бул кызды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: