super.kg logo
  Спорт  

UFC 261: Валентина Шевченко турнир өтүп жаткан "VyStar Veterans Memorial Arena" спорттук аренасына келди

 

Бүгүн, 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында UFC 261 турнири өтүп жатат жана бул турнирде UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мушкер Жессика Андрадеге каршы бешинчи ирет чемпиондук наамын коргойт.

Валентина Шевченко турнир өтүп жаткан "VyStar Veterans Memorial Arena" спорттук аренасына келди. Аны коштоп машыктыруучусу Павел Федотов жана бир тууган эжеси Антонина Шевченко келди.

Бир нече мүнөттөрдөн соң Валентина Шевченконун беттешин SUPER.KG порталынан онлайн окуй аласыздар.

2020-жылдын 22-ноябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 255" турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майяны утуп, чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоп калган. Ал эми Жессика Андраде октябрь айында америкалык мушкер Кэтлин Чукагяндын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.






Валентина Шевченко турнир өтүп жаткан аренага келди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.04.2021. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Валентина алга!!! Кудайым буйруса Сары кызыбыз утат!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: