Өткөн сутка ичинде “Тез жардамдын” борбордогу станциясына 508 чакыруу түштү
Өткөн сутка ичинде "Тез жардамдын" Бишкектеги станциясына 508 чакыруу келип, анын ичинен 369 чакыруу аткарылган. Бул тууралуу 19-октябрда станциядан билдиришти. Маалыматка ылайык шаарда 4 жол кырсыгы катталып, Чүй-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги кырсыктан 35 жаштагы аял жана 2 жаштагы кыз жаракат алышкан.Киев-Шопоков көчөлөрүндө болгон жол кырсыгынан 20 жаштагы бала жабыр тарткан. Мындан сырткары Ак-Өргөө жаңы конушунда 8 жаштагы кызды унаа сүзүп кеткен.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

