super.kg logo

Бишкектин Свердлов РИИБинин имаратынан качып кеткен шектүү кармалды

 

Бишкектин Свердлов РИИБинин имаратынан качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-апрель күнү саат 13:00 чамасында Менделеев көчөсүндө жайгашкан кийим тигүүчү цехтен таңгак кездеме уурдалганы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Шектүүнү цехтин кызматкери кармаган. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБинин кызматкерлери барып, териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн шектүү РИИБдин имаратына жеткирилген. Жабырлануучу арыз жазып, бул факты уурулук болуп каттоого алынган.

"Шектүү имаратка алынып келингенде жарандын жанында документтери болгон эмес. Ал бул ишке катышпаганын айтып, жактоочу талап кылган. Милициянын маалыматы боюнча, ал ошол учурда күбө же шектүү да эмес болгон. Милиция кызматкерлери уурулукка байланыштуу материалдарды топтоп жатканда 3-кабаттагы коридордо турган ал РИИБдин имаратынан чыгып кеткен. Милиция кызматкерлери анын аты-жөнүн тактап, 1988-жылы туулган А.Т. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Ал тууралуу маалыматтар тиешелүү кызматкерлерге таратылып, Свердлов РИИБинин кызматкерлери түн ичинде кармап келишкен. Бул факты боюнча милиция кызматкерлерине карата да кызматтык териштирүү иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: