super.kg logo

Караколдо түн ичинде унаа уурдай качкан шектүүлөр кармалды

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында унаа уурдай качкан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 25-апрелден 26-апрелге караган түнү болжол менен саат түнкү 00:35 чамаларында Каракол ШИИБинин нөөмөт кызматына 23 жаштагы жергиликтүү тургундан кабар түшүп, анда белгисиз адамдар короосунун жанына токтотуп койгон ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган кабар боюнча шаардын ичинде "перехват" планы киргизилип, атайын посттор коюлуп, өздөрүнө бөлүнүп берилген маршруттарда кайгуул күзөт иштерин жүргүзүп жатышкан милициянын мобилдик топтору кабарланган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган унааны шаардын көчөлөрүнүн биринде байкап калышып, аны уурдаган шектүүлөр колго түшүрүлгөн. Шектүүлөр 20 жаштагы А.Д. жана 22 жаштагы К.Б. аттуу жарандар.

Алгачкы суракта шектүү катары кармалышкан жарандар өздөрүнүн күнөөлөрүн моюнга алышкан. Аталган факты боюнча чогулган материалдар Каракол ШИИБинде тергөө кызматына тергөө-процессуалдык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: