super.kg logo

Чүйдөгү рейдде түнкүсүн 55 өспүрүм көчөдө жүргөнү аныкталды

 

Чүйдөгү рейдде түнкүсүн 55 өспүрүм көчөдө жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагында “Селсаяк” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү. Рейдге облус боюнча 300дөн ашуун укук коргоо кызматкерлери, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнөн, балдар иштери боюнча комиссия жана социалдык кызматкерлердин катышуусунда өттү. Иш-чаранын максаты - аз камсыз болгон, кайырчылык кылган жана түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо жана аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

"Күндүзү базарлар, соода түйүндөрү жана башка жайлар текшерилди. Ал эми түнкүсүн компьютердик клубдар, көчөлөр, парктар жана башка жерлерде текшерүү иштери жүргүзүлүп, жалпысынан эл көп топтолуучу 134 ар түрдүү коомдук жайлар текшерилип, жыйынтыгында 55 өспүрүм бала түнкүсүн көчөлөрдө жүргөнү аныкталды. Алардын ичинен 51 бала ата-энелерине тапшырылып, 4 бала социалдык мекемелерге жайгаштырылган.

Рейд иш-чарасынын жыйынтыгы менен чогултулган материалдар билим берүү бөлүмдөрүнө - 6, саламаттыкты сактоо кызматына -1, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнө - 12 жана балдар иштери боюнча комиссиясына - 7 материал жөнөтүлгөн", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: