super.kg logo

Бишкек мэриясы шаардыктардан адамдар көп топтолгон жерлерге барбоону өтүнөт

 

Бишкек шаардык мэриясы шаардыктардан коронавирус оорусунун алдын алуу чараларын сактоону өтүндү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг учурунда билдирди.

"Курч дем вирустук ооруларынын жана коронавирус оорусунун алдын алуу чаралары жумуш ордундагы кызматкерлерге жана келгендерге колду жууп туруу үчүн шарттарды, суу жана самындын жеткиликтүү болушун үзгүлтүксүз камсыздагыла. Жумуш орундарындагы кызматкерлердин колдорун тазалоо үчүн спирт камтылган антисептик куюлган диспенсерлердин болушу керек. Жумушчу жабдууларды эмерек, техникаларды жана тез-тезден колдонуучу буюмдарды ар бир эки саатта дезинфекциялоочу каражаттар менен сүртүп тургула.

Жумуш учурунда бөлмөлөрдү тез-тез желдетип, жумуш убагында чүчкүрүү, жөтөлүү гигиенасын сактагыла. Коронавирус оорусунун белгилери болгон жөтөл, дене табынын көтөрүлүүсү, дем алуунун начарлашы бар кызматкерлерден үйдө калууну өтүнгүлө. Кызматкерлерге көп сандаган адамдар катышкан иш-чараларды өткөрүүнү чектөөнү сунуштагыла. Адамдар көп топтолгон жерлерге барбоо, коомдук транспортто гигиенаны сактоону өтүнөбүз. Сиздердин ден соолугуңуздар өз колуңуздарда", - деди Рыскулбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: