super.kg logo

Чүйдөгү пикир келишпестик ок атуу менен аяктады. Шектүү жаран кармалды

 

Чүй облусунун Панфилов районунда 22 жаштагы жаранды пикир келишпестиктен улам атып кетти. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-апрелде Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө "102" кызматы аркылуу Кайыңды шаарындагы базардын жанында эркек кишинин мылтыктан жаракат алгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси "бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Алдын ала маалыматтарга ылайык, 24-апрелден 25-апрелге караган түнү саат 01:30 чамасында эс алуучу жайлардын биринде бир нече балдардын ортосунда оозеки пикир келишпестик болгон. Жыйынтыгында балдардын бири жигиттерди көздөй эки жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка изин суутуп кеткен.

Натыйжада 22 жаштагы жаран денесине эки ок тийген жаракаты менен райондун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган кылмышка шектүү катары Кайыңды шаарынын 27 жаштагы жергиликтүү тургуну кармалган. Керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - деп билдиришти облустук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: