super.kg logo

Каза болгондорду көчөдө өрттөп жатышат. Индияда коронавирус күчөп элди дүрбөлөңгө салды

 
Коронавирус күндөн-күнгө күчөп жаткан Индияда абал өтө кооптуу. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта Индия коронавируска байланыштуу бардык рекорддорду жаңылоодо. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо системинин алы жетпей калды.
Коронавирустан каза болгон адамдардын денесин көчөлөрдө өрттөп жатышат. Көпчүлүк ооруканада орун жана керектүү дары-дармектер жок болгонуна байланыштуу алар бейтаптарды кабыл албай жатышат.
Азыркы тапка Индияда 17 миллион адам коронавирус илдетин жуктуруп алган, алардын ичинен 192 миң бейтап оорудан көз жумган. Бирок бул официалдуу гана сандар , реалдуу жашоодо ооругандар жана каза болгондор мындан да көп болушу мүмкүн.
"Биз биринчи толкун бүткөндө ооруну жеңдик деп ойлогонбуз. Бирок экинчи толкун бүткүл улутту дүрбөлөңгө салды", - деп билдирген өлкөнүн премьер-министри.
Көптөгөн Европа өлкөлөрү Индияга жардамга келүүгө даяр экендигин билдиришкен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.04.2021. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо булар өрттөп анан күлүн денизге чачып жиберишеби мазар болбойбу буларда
26.04.2021. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар дагы өтө ашыкча верующий. Ар балееге ишенип жашай беришет.Эски тушунуктон чыга албай .Бир кучтуу инсан айткандай копчулук адамдын билими илгерки бойдон жэ такыр билими жок дегендей. Бул Индиянын кадимки эле корунуш .Просто места жок.Тан калыштын кереги жок.Анан буларды коруп биз да адамдай жашаганды уйронушубуз керек .Бир арканга байланып калган Адам болбой
26.04.2021. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Медицина онуккон Индия жетишпей жатса,Сооронбай Жээнбековду конул бурбай койду деп куноологондор аман болгула.Аллах сактасын балээ кырсык,айыкпас дарттардан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: