super.kg logo

Өлкөдө бүгүндөн баштап эмдөө жумалыгы башталды

 

Бүгүндөн баштап Кыргыз өлкөсүндө европалык эмдөө жумалыгы башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын берип жатып айтып өттү.

Анын айтымында, европалык эмдөө жумалыгына Кыргыз өлкөсү 16 жылдан бери катышып келе жатат.

"Бүгүндөн баштап Кыргыз өлкөсүндө эмдөө жумалыгы башталып жатат. Бул улуттук эмдөө планына катышат. Аталган жумалыкка биздин өлкө 16 жылдан бери катышып келе жатат. Бул эмдөөлөрдүн жыйынтыгында акыркы 5 жылда бизде полиомиелит, кургак учук, балдардын гепатит В деген оорулар катталган жок", - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Ошондой эле министр өлкө аймагында кечээ 65 бригада коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн иштерин баштаганын кошумчалап өттү.

Маалымат жыйынга министрден тышкары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Назира Артыкова, ЮНИСЕФ уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Кристин Жольм жана муфтияттын өкүлү Бактияр Токтогазы уулу катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.04.2021. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошшшооо поликлиникадан чалып 4 жаш кызыма шал ооруусуна каршы эмдөө алып кеткиле деп койбой жатат. Негизи эмдөө милдеттүү эмес экен, бизде эмдөө албасаң кайра кайра чакырып тажатат, и мектепке бакчага да кабыл алышпайт. Шайлообек Дүйшеевдин интервьюсун көргөндөн кийин эмдөө алгым келбей калды такыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: