super.kg logo

Түркмөнстанда жылдын эр жүрөк түркмөн Алабайы аныкталды (сүрөт)

 

Түркмөнстанда Алабай майрамын жана түркмөн жылкысынын улуттук күнүн белгилөөнүн алкагында уюштурулган "Жылдын эр жүрөк түркмөн Алабайы" сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Белгилүү болгондой, иш-чара "Түркмөн Алабайы" эл аралык ассоциациясынын комплексинде өткөн. Сынакка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген он Алабай ити катышкан.

Калыстар тобуна жана коомчулукка Алабайдын лакап аты, жашы, ээси тууралуу маалыматтар берилген. Андан сырткары Алабай тукумундагы иттерге тапшырмалар берилип, мелдеш өткөрүлгөн. Калыстар тобу алардын сырткы келбетине гана эмес, тайманбастыгына жана шамдагайлыгына баа беришкен.

Түркмөнстандын Эл сүрөтчүсү Сарагта Бабаев төрагалык кылган калыстар тобунун чечими менен "Жылдын эр жүрөк түркмөн Алабайы" наамы Мамлекеттик чек ара кызматына таандык Алабай Акханга ыйгарылган.

Сыйлыкты тапшыруу аземине вице-премьер-министр, парламенттин төрагасы, "Түркмөн Алабайы" эл аралык ассоциациясынын башчысы Сердар Бердимухамедов тапшырды.

Жеңүүчүгө атайын медаль тапшырылып, чек ара кызматынын өкүлүнө Түркмөнстандын президентинин баш байгеси - Тойота унаасынын ачкычы жана Кубок тапшырылды.

Буга чейин Түркмөнстанда Алабай майрамы негизделсе, Бердымухамедов 2019-жылы Алабайга арнап китеп жазган. Ошондой эле Ашхабадда жаңы салынган турак жай комплексинде түркмөн тукумундагы Алабай итине эстелик тургузулуп, анын ачылыш аземине президент Гурбангулы Бердымухамедов өзү катышкан. Түркмөн башчысы Орусиянын президенти Владимир Путинге жана премьер-министр Дмитрий Медведевге алабай тукумундагы итти белекке берген.
Мындан тышкары "Элдик ит багаар" жана "Эмгек сиңирген ит багаар" деген ардактуу наамдар негизделген. Наам менен кошо төш белги жана "Жылдын мыкты түркмөн Алабайы" деген медалдын эмблемасы да берилмей болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: