Садыр Жапаров: "Колдогонго жараша аягына чейин колдогула. Мен жер каратпайм"
Бүгүн, 26-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров жергиликтүү телеканалдардын бирине маек куруп, суроолорго жооп берди. Анда президент шайлоодо 80 пайыз добуш алганын айтып, аягына чейин колдоону суранды.
"Элибиздин 80 пайызы колдоп, мени президент кылышты. Ошол эле мезгилде эңшерилген экономикасы менен өлкөнү колума тапшырды. Ошондуктан айтарым ишенген жаныңар аягына чейин ишенгиле. Ар бир ишенип добушун берген адамды мен жер каратпайм. Беш жылдан кийинби же он жылдан кийинби мен бирөөңөрдү дагы жер каратпаймын. Ар бир кабыл алган чечимибиз мамлекет үчүн, жеке кызыкчылыгым үчүн бир дагы нерсе жасабайм. Колдогонго жараша аягына чейин колдогула", - деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров электр энергиясы, казино жана экономика тууралуу суроолорго жооп берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Садыр Жапаров сыйкырдуу эмес, баарыбыз биригип жардам беришибиз керек.
Анан калса, энергетиканы ойлогон адам Озбекистанга барып 20 тез жардам машинесин кармата койсо эле сууларды орду менен, суу сактагычтары менен кармата коем деп соз бербеши керек эле Мирзиеевго. Ал тажиктердей конфронтацияга барбай эле, жаш баланы алдагандай алдап жолго салды силерди. А силер жерди, сууну берели деп отурасынар!
Өтө эле акылдуу болсоң Жапаровдун жанына бар кеңешчи болуп.