super.kg logo

Гүлнара Каримова абактан орозо кармап жатат

 

Өзбекстандын мурдагы лидери Ислам Каримовдун кызы, учурда камакта жаткан Гүлнара Каримова орозо кармап жатат. Бул тууралуу анын кызы Иман Каримова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Баарына жана апама сабырдуулук тилейм. Себеби алар орозо кармап жатышат", - деп жазды Иман Каримова.

2017-жылы Гүлнара Каримова Өзбекстандагы компаниялардын биринин салыгын төлөөдөн качуу, уурдоо, талап кылуу жана документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Биринчи өкүмдөн кийин Каримова бир нече убакыт бою үй камагында отурган. Бирок 2019-жылдын март айында ал камакта кармоонун шарттарын "кара ниеттик менен" бузган деп айыпталып, Ташкент облусундагы түзөтүү абагына жөнөтүлгөн. Көп өтпөй ага экинчи кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: