super.kg logo

"Кыргыз жараны Эсен Маджитовду Тажикстан өздөрүнө туткун кылмак ниетте". Бишкекте анын боштондугун талап кылган митинг өтүп жатат

 

Кыргыз жараны Эсен Маджитовду Тажикстан экстрадициялап өздөрүнө туткун кылып жатканда Кыргыз бийлиги буга кайдыгер карабашы керек. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында аны бошотууну талап кылган митинг өтүп жатат.

"Өз мекенин, өз жерин коргоп жаткан уул-кыздарыбыз кордоло берсе, эл тарабынан, мамлекет тарабынан коргоого алынбаса эртеңки муун коркок, кайдыгер, жалтак болуп чоңоюшу турган иш. Баткен чек ара чырында өз жерин коргойм деп тажиктер тарабынан үйү өрттөлгөн Эсен Мажитовду Тажик тарап Интерполго берип койгон себептен учурда Москвага барган жеринен кармалган.

Урматтуу мекендештер, өз уулубузду сактап калалы. Тышкы иштер министрлиги, Москвадагы элчилик өз жараныбыздын тагдырына кайдыгер болбой жардам беришин талап кылалы", - дешет Кыргыз жаранынын боштондугун талап кылган митингчилер.

Кечээ, 26-апрелде "Тажик тарап жолдошумду куру күнөөлөп, Орусиядан кармап камакка алышты" деген Эсен Мажитовдун жубайы SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берген.

Эске салсак, 2020-жылы 8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче чыр жер тилкесин талашуудан чыккан жана аныгында талашка түшкөн жер тилкеси кыргыздарга тиешелүү болгон. Тажик тарап чыр-чатак учурунда чек араны чок ортосунда жайгашкан кыргыз тарапка тиешелүү үйдү да өрттөп жиберишкен. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.

Ок атышуунун кесепетинен Чек ара кызматынын 3 аскери жана 1 тургун жаракат алган. Ал 3 аскер кызматкери Бишкекке алып келинген. Чек ара чырында ок тийип жаракат алган С.уулу М. аттуу аскердин абалы оор экени айтылган.
Ал эми окуя боюнча эки өлкө тең бири-бирин күнөөлөп жатышат. Буга чейин Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн. Тажикстан нотага жооп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.04.2021. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууп туура тажиктер психологический жеп коркутабыз деп жатышат. Элге оружия бергиле бийликтегилер озубуз чечебиз!!!!
27.04.2021. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажикстанга эч нерсе откорбой койду бутун нерсе кымбат кыйынчылык башталды ошол себептен ушундай иштерди жасап жатышат УКМК 1 да товар откорбой 1жыл жолду жаап турсун анан коробуз Тажиктердин абалын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: