super.kg logo

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда КамАЗ аңтарылып кетти. 1 адам каза болду

 

Бүгүн, 21-октябрда саат 05:45 чамасында Нарын облусунун Кочкор районунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда КамАЗ авто унаасы жолдон чыгып аңтарылып кетти. Буга айдоочунун рулду башкара албай калганы себеп болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 1 адам жаракат алды.  

Каза болгон адам унаанын айдоочусу Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун тургуну, 1992-жылы туулган Н.М.  

Жабыркаган адам да Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун тургуну, 1992-жылы туулган А.А.  

Окуя болгон жерге ӨКМнын Кочкор районунун куткаруучулары барышып, каза болгон адамдын денесин унаанын ичинен чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган адам "Тез жардам" унаасы менен Кочкор райондук ооруканасына жеткирилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: