super.kg logo

Түндө Бишкектеги батирлердин биринен табылган 2 жашар кыз. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

 

Бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаарындагы Аламүдүн-1 кичи районунда 2 жашар наристе батирде жалгыз калганы тууралуу жазганбыз.

Анда 27-апрелге караган түнү саат 02:58де нөөмөт бөлүмгө коңшу батирде бала ыйлап жатканы, үйдүн эшиги бек деген билдирүү келип түшкөн. Жерине куткаруучулар барып, 2 жашар наристе үйдө жалгыз экенин аныктап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан окуянын чоо-жайын билдиришти.

"Батирдин ичинен табылган кыз 2018-жылы туулган. Белгилүү болгондой, анын денесинде эч кандай залал келтирилген эмес. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыз атасы менен бирге жашайт, ал эми апасы чет өлкөдө иштеп жүргөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан наристенин ата-энесинин аты-жөнү такталып, алар менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда кыз балдар үйүнө жеткирилди.

Бул факты Свердлов РИИБинин электрондук журналына катталып, бардык чогултулган материалдар Свердлов районунун балдар иштери боюнча комиссиясына өткөрүп берүү үчүн даярдалууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.04.2021. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атасы туну кайда кетти экен?Баласына да коз жумуп кете турган кандай зарыл иши болушу мумкун?Энеси барып карабаса бериштин кереги жок баланы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: