super.kg logo

Ишкерди 2 миллион сомго алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

ИИМдин үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылык жасоого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер органдарына арыз менен ишкер кайрылып, 2019-жылдын март айында олуттуу материалдык чыгым келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Аныкталгандай, тыбытты өндүрүү шылтоосу менен ишкерден эки миллион сом акча каражатын алган соң өзүнүн милдеттерин аткарбай, өзгөчө ири өлчөмдө материалдык чыгымды келтирген.

Бул факты боюнча тергөөнүн тапшырмасынын алкагында шектүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоого жана кармоого багытталган ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Нарын облусунун аймагынан 1983-жылы туулган Б.Н. аттуу жаранды кармашкан. Андан соң кармалган жаранды Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. ИИМдин маалыматы боюнча жаран Б.Н. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда шектүүнүн кыймыл-аракетинде макулдашуунун негизинде башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу жана аны өзүнүн пайдасына коротуу белгилери бар болгондуктан жогорудагы кылмыш иши "ыйгарылып берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу" беренесине өзгөртүлдү. Иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: