super.kg logo

Уу коргошундан дагы бир адам ууландыбы? Тийиштүү мекеменин жообу

 

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын биринде уу коргошун (аконит) менен дагы бир жаран ууланып, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун түштү деген маалымат жазылды. Бул маалыматты тактоо максатында аталган оорукананын маалымат кызматына байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.

"Биздин ооруканага аконит менен ууланып эч кандай бейтап түшкөн жок" деп билдиришти аталган ооруканадан.

Окуянын чоо-жайы:

Буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышканын билдирген. Бул боюнча жазылган постко адамдар сыртына "уу коргошун" деп жазылган бөтөлкөлөргө суюктукту куюп жаткан видео тиркелген.

16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, уу коргошун менен дарылоо боюнча түшүндүрмө берип, аталган өсүмдүктүн кайнатмасын түз эфирде ичкен. Бул коомчулукта ар кандай талкууларды жаратып, мындай дарылоо ыкмасына көпчүлүк сын-пикирин айтууда.

20-апрелде 3 бейтап оор абалда ооруканага түшкөнү, алар уу коргошунга ууланганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: