Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында сууда сүзүү боюнча республикалык чемпионат өттү





25-апрель күнү Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке мээсинин шал оорусу, таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу, аутизм, даун синдрому менен жабыркаган жана көрүү, угуу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 40ка жакын спортчулар катышты.
Иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында сууда сүзүү боюнча федерациясы тарабынан өткөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.