super.kg logo

Дары жана көз жаш. Анастасия Заворотнюктун кызы апасынын дартына чыдоо оор болуп жатканын айтты

 

Орус актрисасы Анастасия Заворотнюк акыркы жылдары онкологиялык оору менен күрөшүп келет. Ал эми оорусуна чыдоо актрисанын кызы Анна үчүн оор болуп жатат.

Бул тууралуу анын улуу кызы Анна Инстаграмдагы баракчасындагы күйөрмандарына билдирген. Айтымында, мындай абал анын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат.
Ал катуу стресске туш болгондо, ага адис жардам берген.


"Психолог мага дары-дармек жагынан жардам берет. Кээде ыйлаганга мүмкүнчүлүк берген күндөр болот. Ыйлап алгандан кийин бир аз жеңилдеп калам. Бирок жалпысынан алганда, эмоционалдык абалым менен азыр кеңеш бере турган абалдан алысмын. Албетте, жакын арада бул абалды жеңем деп үмүттөнөм", - деген Анна Заворотнюк.

Анастасия Заворотнюк бир жылдан ашык убакыттан бери эл алдына чыга элек. 2019-жылы жайында ММКлар анын катуу оору менен күрөшүп жатканын жазган. Кийинчерээк бул маалыматты анын туугандары тастыкташкан.
3-апрелде Заворотнюк 50 жашка толду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: