super.kg logo

Ысык-Ата районунда кызганычтан улам чет өлкөлүк жаран бычакталды

 

Чүйдүн Ысык-Ата районунда кызганычтан улам чет өлкөлүк жаран бычакталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-апрель күнү болжол менен саат 04:21 чамаларында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага бычактан жаракат алган эркек киши жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалыматтын негизинде Ысык-Ата РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ооруканага түшкөн жаран 1998-жылы туулган Ш.Н. аттуу жогорку окуу жайлардын биринде окуган чет өлкөлүк жаран болгон. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 2003-жылы туулган жергиликтүү Ч.М. аттуу тургун кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Алдын ала териштирүү боюнча жогорудагы окуя кызганычтан келип чыкканы белгилүү болгон. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: