"Ортодон эле кыйшаңдаткан болбойт". Депутат Жолдошбаев саламаттыкты сактоо министри жакшы иштеп жатканын айтты
Депутат Камчыбек Жолдошбаев саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жакшы иштеп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Министр оптимизация боюнча пандемияда жакшы иштеп жатат. Ортодон туруп алып интригалар болууда. Жакшы иштеп жаткан кишиге тийишпеш керек. Көрөлү иштесин. Уу коргошунду ичкиле деген жок да. Сунуштап жатат. Элдик медицина илгертеден бери бар. Аны Каныкей Манаска деле берген, денеси чыңалсын деп. Жакшы иштеп жаткандарга тескери иш жасабаш керек. Ортодон эле кыйшаңдаткан болбойт. Кемчилик кетип жатат. Бирок ийгиликтери көп", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

