Бокс. Дүйнө чемпиондугу – 2013: Кыргызстандык эки боксчу 1/16 финалда утулуп калды
Азамат Каныбек уулу (кызыл формада) 1/16 финалда жеңилди


Азамат Каныбек уулу (кызыл формада) 1/16 финалда жеңилди

Азамат Каныбек уулу (кызыл формада) 1/16 финалда жеңилди

Эркинбек (кызыл формада) кениялык Рейтон Оквириге жеңилип, мелдештен четтеди

Эркинбек (кызыл формада) кениялык Рейтон Оквириге жеңилип, мелдештен четтеди

Эркинбек (кызыл формада) кениялык Рейтон Оквириге жеңилип, мелдештен четтеди
Алматы шаарында 14-27-октябрь аралыгында өтүп
жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда 69 жана 75 килограмм салмактагы
кыргызстандык боксчулар 1/16 финалда жеңилди. 20-октябрь күнү рингге чыккан 69
килограмм салмактагы кыргызстандык мушкер Эркинбек Болотбек уулу 1/16 финалда
кениялык Рейтон Оквириге каршы беттешип, жеңилип калды. Айта кетсек, Эркинбек
1/32 финалда марокколук Мохаммед Раби аттуу боксчуну жеңип алган болчу. Ошондой эле
19-октябрь күнү 75 килограмм салмактагы кыргызстандык Азамат Каныбек уулу
мексикалык Хуан Мерчадо менен беттешип, аны жеңе алган жок. Азамат чүчү кулактын
жыйынтыгы боюнча 1/32 финалда атаандашсыз калып, мелдешти 1/16 финалда баштаган
болчу. Эскерте кетсек, буга чейин мелдештен Турат Осмонов (49 кг), Медер
Мамакеев (60 кг), Александр Панарин (81 кг), Сергей Паренко (91 кг) аттуу кыргызстандык
боксчулар четтеп калган. Учурда мелдештеги жолун Азат Үсөналиев (52 кг),
Өмүрбек Малабеков (56 кг) жана Эрмек Сакенов (64 кг) улантууда.
Автор: Айбала Эргешов
Фото: AIBA
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.