super.kg logo

Улуу Британияда коронавирустун курмандыктарын эскерүү үчүн 150 миң жүрөктүн сүрөтү тартылды

 

Улуу Британиянын жарандары коронавирустун курмандыктарын эскерүү үчүн Британ парламентинин имаратынын маңдайындагы дубалга каза болгон ар бир адамга арнап өз колдору менен жүрөк тартып чыгышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, алар вирус менен күрөшүү үчүн үчүнчү жолу карантин киргизүү керек эместигин айткан премьер-министр Борис Жонсонго жооп кылып, ушундай кадамга барышкан.

Covid-19 илдетинин курмандыктарына арналган 150 миң жүрөктүн сүрөтү өткөн жылы Темза дарыясынын түштүк жээгинде жайгашкан Сент-Томас ооруканасынын сыртындагы дубалга тартылган. Аталган бейтапканада Борис Жонсон вируска кабылганда дарыланып чыккан.

"Ар бир жүрөктүн сүрөтүн колубуз менен тартып боёп чыктык. Бул сүрөттөрдүн ар бири жоготуп алган жакындарыбыз сыяктуу өзгөчө", - деген акциянын катышуучулары.

Улуу Британиянын өкмөтү пандемия аяктагандан кийин вирустан каза болгондор үчүн эстелик тургузууга убада берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: