super.kg logo

Бишкекте терезенин тосмосуна кыпчылган киши ажырашып кеткен аялынын үйүнө барган

 

27-апрелде Бишкек шаарындагы Улан-2 кичи районундагы батирдин терезесинин торуна кыпчылып калган киши куткарылганы маалымдалган. Көп өтпөй Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы окуянын чоо-жайын айтты.

2021-жылдын 19-мартында жаран А.Т. аттуу жаран Д.Ч. аттуу адамга чара көрүп берүүнү суранып милицияга кайрылган. Анда анын 7-Апрель көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине адам мыйзамсыз киргенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

21-апрель күнү Октябрь РИИБинин кызматкерлери Д.Ч. аттуу жаранды кармап келип, андан соң эч жакка кетпөө милдеттенмеси менен коё берилген. Ошондой эле ал жарандын катышуусундагы эки кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы аныкталган.

"Сурак учурунда шектүү аталган батирде мурда расмий түрдө ажырашып кеткен аялы С.А. менен жашагандыгын көрсөткөн. Жакында турак жай боюнча көйгөйлөр жаралгандыгына байланыштуу ал ашкере чараларды көрүп, терезеден кирүүгө аракет көргөнүн айткан", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: