Кыргызстанда кыргыздар калктын 72,3, өзбектер 14,3 пайызын түзөт
Эксперт Чолпон Чотаеванын айтымында, Кыргызстанда кыргыз улутундагылар калктын 72,3 пайызын түзөт. Муну аталган эксперт 21-октябрда Бишкекте улуттар аралык мамиле жана коопсуздук темасында өтүп жаткан тегерек столдо айтты.
Кыргыздар калктын, 72,3 пайызын, өзбектер 14,3, орустар 6,8, башка улуттагылар 6,7 пайызды түзөрү айтылды. "Өзбектер Ош менен Жалал-Абадда калктын 28 жана 25 пайызын түзөт. Орустар негизинен борбор шаарда, Ысык-Көл, Чүй облустарында жашашат",- деди Чотаева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

