super.kg logo

УКМК: "Унаа" мамлекеттик ишканасынын аймактык секторунун башчысы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурду"

 

Кымбат баалуу унааларды мыйзамсыз каттоо фактысы боюнча, "Унаа" МККнын аймактык секторунун башчысы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, 9-апрелде УКМК тарабынан "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" фактысы менен иш козголгон.

Абхазия Республикасынан алынып келип бажы декларациясынан өтпөгөн кымбат баалуу унааларды мыйзамсыз каттоонун коррупциялык схемасы аныкталып ал ишке бөгөт коюлган. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө болжол менен Орусия федерациясынан транзиттик каттоо документтеринин негизинде эки Лексус GX унаасы катталгандыгы аныкталган, мындан улам мамлекетке бажы алымдарын төлөөдөн 3 миллион сомдон ашык өлчөмдөгү чыгым түрүндө зыян келтирилген.

УКМК жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында Юстиция министрлигинин алдындагы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын “Унаа” мамлекеттик мекемесинин регионалдык сектор башчысы тарабынан кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз каттоодон өткөргөндүгү үчүн мамлекеттин пайдасына 3 миллион сомдон ашык суммадагы зыяндын орду толтурулду.

Келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу секторунун башчысы үй камагына чыгаруу тууралуу баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: