super.kg logo

Польшанын шашки федерациясынын башчысы Дүйнө чемпиондугунда Орусиянын желеги алынгандыгы үчүн кечирим сурады

 

Варшава шаарында өтүп жаткан шашки боюнча Дүйнө чемпиондугунда оюн учурунда столдун үстүнөн Орусиянын желегинин алынышы боюнча Польшанын шашки федерациясынын башчысы Дамиан Решка кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Бул жагдай үчүн кечирим сурайм. Бизге муну токтоосуз түрдө, оюн учурунда жасаш керектигин айтышты. Болбосо WADA уюму бүгүн Эл аралык шашки федерациясын четке кагып салмак. Дагы бир жолу кечирим сурайм", - деген Решка.

Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин эки жылдык санкцияларынан улам Дүйнө чемпиондуктарында жана Олимпиада оюндарында орусиялык спортчулар мамлекеттик желек астында катыша албайт жана алардын урматына мамлекеттик гимн ойнолбойт.






Дүйнө чемпиондугунда Орусиянын желеги алынып салынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: