Баткендин Көк-Таш айылындагы кырдаал. Баткен ОИИБи маалымат таратты




Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылындагы бүгүнкү кырдаал.
Бүгүн, 29-апрель күнү таңкы саат 05:45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажик жарандары тарабынан ок атуучу курал менен ок атылып, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюнда жайгашкан Тажик Республикасынын Майский айылы тараптан жолдон өткөн унааларга таштар ыргытыла баштаган. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул факты Баткен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай Баткен РИИБинде "киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Азыркы учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
BarsBaatyr

29.04.2021. 09:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бардык күчтөр Баткенге тартылсын. Кана бийлик башындагылар, кана эл өкүлдөрү? Шайлоодо эл керек, мындайда үн катканга жарашпайт
Bek.v.aktatyr

29.04.2021. 09:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ворухтун жолун жаап салыш керек Алар жолду жаап салса .Ачпагылачы анан бизде барго айланма жол жаман болсода озубуздун жолдон отуп турабыз.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.