Бокс. Дүйнө чемпиондугу – 2013: Бүгүн, 21-октябрь күнү Өмүрбек Малабеков менен Эрмек Сакенов рингге чыгат
Бүгүн, 21-октябрь күнү Алматыда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 8-күнүндө 49, 56, 64, 75 жана 91 килограмм салмактагы боксчулар рингге чыгат. Аталган салмак даражаларынын экөөсүндө гана кыргызстандык боксчулар мелдештеги жолун улантууда. Анда бүгүн 14:00дө 56 килограмм салмактагы кыргызстандык боксчу Өмүрбек Малабеков мелдеш кожоюну казакстандык Кайрат Йералиев менен беттешет. Айта кетсек, Дүйнөлүк рейтингде Өмүрбек 9-орунда болсо, казак мушкери 8-орунда. Ошондой эле 19:00дө 64 килограмм салмактагы кыргызстандык Эрмек Сакенов тажикстандык Шавкатжон Рахимов менен беттешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:31
2025-12-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















