super.kg logo

Чек ара чыры: "Көк-Таш айылынын тургундары мектеп имаратына жайгаштырылууда" (видео)

 

Баткен облусунда бүгүн, 29-апрелде эртең менен Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан Тажик тарап Кыргыз тарапка ок атканын окурман кабарлаган.

Көк-Таш айылынын жашоочусу Айзада Хамдамованын маалыматында, азыр аталган айылда абал тынч эмес, атышуу дагы деле уланып жатат.

"Мектеп жакта жашаган адамдар эртеден бери атышып жатат, октун үнү бизге угулууда. Тажик тарап жолду жапкан, ал жактан өтө албай калган жарандар бар.

Ал эми айылдагы аялдар менен балдар Баткен шаарына ташылып жатат. Көк-Таш айылынын тургундары Баткендеги мектепке жайгаштырылууда", - деди ал.

Эске салсак, кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан чыр чыккан.

"Тажик аскерлери Головной суу алуучу жайында жайгашкан электр жарыгы бар устундарга эки байкоо камераларын орнотушкан. Мындан улам эки өлкө жарандарынын ортосунда нааразычылык жаралып, таш ыргытуу болду", - деп билдирген чыр тууралуу жергиликтүү тургун.

Головной суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы Төрт-Күл суу сактагычын толтурган каналдардын башында жайгашкан.






Чек ара чыры, Көк-Таш

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.04.2021. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не кылсак болот
29.04.2021. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай салам берсе,ошондой алик алышыбыз керек! Бакылдаган Ташиевди эми көрөлүчү.
29.04.2021. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Согуш болуп кетпесе болду Аллах сактасын.Тажиктерге нысап берсин.Ташиев темселебей чечсин
JaneEr түзөттү 2021-04-29 10:26:29
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: