super.kg logo

Жарандык никедеги күйөөсүнө башка ат менен таанышып жашап жүргөн. Чүйдө 13 ирет соттолгон аял уурулукка шектелип кармалды

 

Чүйдүн Жайыл районунда жарандык никедеги жолдошунун акча каражаттарын уурдоого шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-апрель күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу 1982-жылы туулган М.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жарандык никеде жашаган аялы кичинекей балдарын таштап, 5700 долларын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштери учурунда арыздануучу жарандык никедеги аялы менен үч жылдай жашап эки балалуу болушкан. Ал аялынын аты-жөнүнөн башка анын туугандары жана өзү тууралуу эч кандай маалыматтарды билбей турганы аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында ал аял күйөөсүнө чет мамлекеттердин бирине кетип жатканы тууралуу видео кайрылуу жөнөткөндүгү маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы аялдын жүргөн жерин аныктоо боюнча бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында ал аял жарандык никедеги күйөөсүнө башка ат менен таанышып жашап жүргөнү такталып, анын чыныгы аты-жөнү аныкталган.

Ал 1989-жылы туулган К.А. аттуу аял экендиги ал буга чейин 13 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылып, Ысык-Көл ОИИБи тарабынан ага карата издөөдө жарыялангандыгы такталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы аял кармалып, Жайыл РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон териштирүү иштери жүргүзүлгөн соң материал сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.04.2021. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сакта,аял болуп туруп ушинтеби ыйман берсин аялга арам тамак аш болбойт деген сөз чын да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: