“Дүйнөлүк уруш искусство оюндары – 2013”: Кыргызстандык боксчу Мирлан Түркбай уулу биринчи беттеште жеңилди

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 18-26-октябрь аралыгында өтүп жаткан “Дүйнөлүк уруш искусство оюндары – 2013” мелдешинде кыргызстандык боксчу Мирлан Түркбай уулу биринчи беттеште жеңилип калды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирди. 20-октябрь күнү рингге чыккан 49 килограмм салмактагы кыргызстандык боксчу Мирлан Түркбай уулу орусиялык Валентин Чебачеков менен беттешип, 3 раунддун жыйынтыгында 2:1 эсебинде жеңилип калды. Дагы эки кыргызстандык боксчу Адилет Бекеев менен Бектур Отогонов өз беттештерин өткөрө элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.