Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фонду Баткендеги абалга байланыштуу гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр
Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фонду Баткендеги абалга байланыштуу гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти."Баткендеги кырдаал боюнча фонд чечим кабыл алып, дары-дармек, тамак-аш жана эң биринчи кезекте өмүргө өтө маанилүү болгон муктаждыктарды жеткиребиз. Баткендеги курч абал тезирээк тынч абалга келип, эл жай турмушка кайтсын деген тилегибизди билдиребиз. Фонддун байланыш телефону: 0777 176 176; 0552 176 176", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:59
2026-03-03
18:41
2026-03-03
Рейтинг:
1
1

Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















