super.kg logo

Милиция: "Доскага чыгарып окуучуларды урган мугалимдин аракети боюнча иликтөө жүрүп жатат"

 

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында "балдарды уруп жатат" деген аталышта социалдык тармактарга тараган мугалимдин видеосу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрель күнү Өзгөн районунун Куршаб айылында жайгашкан Ленин атындагы №5 орто мектебинин класстык бөлмөсүндө, англис тил мугалими, 9-в классынын 60 жаштагы класс жетекчиси 9-класста окуган 5 окуучуну ишембиликке чыкпаганы үчүн уруп сабаган.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган мугалим өз көрсөтмөсүндө төмөндөгүлөрдү билдирген: мен аталган класска 5-классынан баштап класс жетекчи болуп иштеп келем. Ал класстын мектептин эшигинин алдында өздөрүнө бөлүнгөн жер тилкеси бар. Ал жер тилкеде 23-апрель күнү сабак бүткөндөн кийин тазалап, ишембилик кылыш керек болчу, бирок сабактан кийин алар үйлөрүнөн иш кылганга эч кандай буюмдарын алып келбей, иш кылбай кетип калган болчу.

Анан 24-апрель күнү ал жер тилкени өзүм тазаладым. 26-апрель күнү ошол жердеги гүлдөргө суу куялы деп окуучуларыма чакага суу алып келип бергиле десем, айтканды кылбай качып кетип калышты. Мен жиним келип аларды доскага чыгарып тизип, айтканды кылбай койгону үчүн беш баланын ар биринин баштарына бирден колум менен урдум. Калгандары качып кетип калышты", - деп билдирген ал өз көрсөтмөсүндө.

Бул окуя боюнча өспүрүмдөрдүн ата-энелери арыз жазуудан баш тартышкан. Учурда мугалимдин бул аракетине баа берүү максатында райондук билим берүү тармагынын жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Топтолгон материалдын негизинде андан ары чара көрүлөт деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
30.04.2021. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мугалим байкушта куноо жок, бир шапалакка башы кыйшайып калмак беле...
30.04.2021. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
9класста перех возраст тентек балдар кулактары укпайт өзүлөрүнөн касяк кетиптир да ырас кылат эжейинерге жардам бериштин ордуна качканыңар туура эмес.Заслужили
30.04.2021. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эркек балдардын кылганы бул,подстава! окубай эле коюшсун жакпаса.
30.04.2021. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мугалимдин бир урганынан бир жери сынып калбайт. Мугалимди коюп чек араны коргосонор боло
30.04.2021. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир шапалака КР боюнча маалымат таратып уят да. Биз шапалак жеп , комурканага камалып эле буттук го. Бирообуз ата-энесине арызданып барбаптыр. Ээми эле 2010 дон кийин эжекенин колу тийди ,боооолду больницага барып жатып алышат.
30.04.2021. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мугалимдер оздору аран журушот, айлыгы аз. Азыркы жаштардын кыялы бир шумдук. Мугалим деле келесо эмес, ар кимди чаап журо бергендей. Билимди мугалим берет. Бирок ошону баалашпайт.
30.04.2021. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Качканынар учун окуносунорго. Ошол 11 жыл окуган мектепти 1 коруп чыгууга, Бир саат отуруп сабак окуганга Зар болосунар.
Мен 10 жылдан кийин биринчи жолу кечее жакында кирдим. Ар Бир класттын бурчу коз алдыман отмушум эскерилип турду.
30.04.2021. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куршабтагы Ленин мектебинде жалаң энесинин койнунан чыкпаган балдар окуйт экен да.Эгер жигитмин десенер эжекеден кечирим сурагыла!60 жаштагы эжеке болсо өзү.
30.04.2021. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ай алтын эжеке. Ошол балдарды жаака чапкан колунуз дарт корбосун
30.04.2021. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эжеке азаматсыз колуңуз дарт көрбөсүн дагы да шапалак менен тил албаган балдарды ура бериңиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: