super.kg logo

"Улуттар аралык кастыкты козутпоого чакырабыз". ИИМдин ардагерлери кыргыз элине кайрылды

 

Ички иштер органдарынын ардагерлери кыргыз элине кайрылуу жасады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кайрылууда ардагерлер кыргыз элин сабырдуу болууга жана мыйзамды сактап, чагымчылдыкка, мыйзамсыз иш-аракеттерге барбоого чакырышкан.

"Сиздерден абалды мындан дагы курчутуп албаш үчүн такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга үгүттөйбүз. Анткени Кыргыз өлкөсүнө тынчтык жана бейпилдик керек. Биздин республикабыз эгемендүүлүккө кандай деген эмгек менен жеткендигин жана мындай оор мезгилде тынчтыкты сактоо үчүн кандай жолдорду басып өткөндүгүбүздү унутпайлы. Биз мамлекеттин, биздин жарандардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бүт өмүрүбүздү арнап, жарандарыбыздын тынчтыгын өз эмгегибиз менен камсыздап келдик.

Бардык маселелерди жана жаралган көйгөйлөрдү Борбор Азиядагы бир тууган элдерге тиешелүү болгон көп жылдык достук, абийирдүүлүк жана өнөктөштүк мамилесинде макулдашуулар жолу менен чечкенибиз оң. Кыргыз өлкөсүнүн бардык жарандарын тынчтыкты сактап, чагымчылдыкка алдырбай, улуттар аралык кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырабыз.

Эки мамлекетке тең мыйзамдуулуктун үстөмдүк кылуусу жана сабырдуулуктун негизинде турукташтыруунун үстүндө иштөөнү сунуштайбыз. Биз мамлекеттин эркиндиги менен бүтүндүгүн сакташыбыз керек. Тынчтык үчүн биз бардыгыбыз биригип, болгон күчүбүздү чыр-чатакты чечүү боюнча өлкөнүн жетекчилигинин бардык аракетин колдоого жумшайлы. Жакынкы аралыкта эки өлкөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен бул кырдаал жөнгө салынат деген үмүттөбүз", - деп жазылат кайрылууда.

28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуган. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач Тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, эки тараптын ортосунда чыр чыккан.

Соңку маалыматтарга ылайык, коңшу Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан жаракат алган адамдардын саны 134кө жетти. Тилекке каршы, 13 адам каза болду.

29-апрелде буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган. Ал эми Тажикстан чек арадагы жаңжалдан 20дан ашуун жараны каза болгонун жазып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.05.2021. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Отурабыз го бизге тынчтык керек деп эле атып атса деле өлтүрүп атышса деле жерибизге басып кирсе деле уйлорубузду өрттөп атса деле отурабыз го бизге тынчтык керек деп эле
01.05.2021. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тажиктердин видеолорун көрсөң тынч отурасың үйүндө.Бизге тынчтык керек деп атып айылдарыбызда тажиктер энесинин төрүндө жүргөнсүп журушот кеңири
01.05.2021. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Айылдардан бошотуп чыгардыго тажиктерди,уйдо олтуруп алып канынарды кайната бербей акылды иштетели. Кимге согуш керек,кыргыз тарапда атты,атпай койгон жок просто видеого тарткан жок корбосонор эле кыйкыра бербегиле атпады деп. Ошол кылгандары оздоруно чон минус болот,азыркыны эмес кийинкини ойлонгула. Ачуу устундо баары эле олтуруп талкалап сала алат,итке тенелип иттей жатып алып урбойбузда. Оч алабыз десе мындан да коп жоготуу болмок,тынчтык жолу мн чечилгени кийинкилигибиз учун бизге чон плюс
01.05.2021. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийлик так талашып элдин баары саясатчы болуп чондор баар жокту тоноп оз чонтогуно Кыргызстанды жойуп жиберишке келтириппизго армябызда курал жок бюжетте акча жок карызыбыз 5мил болуп
01.05.2021. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде болору болуп буткондон кийин ушундай керексиз топтор козу карындай чыгаберишет. Убагында чыкпайт беле. Жок болуп кетишип эми чыга баштады козу карындай. Самара,сансыз генералдарыбыз, Иимдин пенционерлери, депутаттарыбыз,ырчы чоочусу менен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: