Нарындын жашоочуларынын 99 пайызы кыргыздар
Нарын облусунун жашоочуларынын 99 пайызы кыргыздар. Мындай маалыматты 21-октябрдагы этника аралык мамилелер жана маалыматтык коопсуздук боюнча конференцияда Улуттук стратегияларды изилдөө институтунун эксперти Чолпон Чотаева билдирди. Мындан сырткары кыргыздар Талас облусунда 92 пайызды, Ысык-Көлдө 86 пайызды, Баткенде 76 пайызды, Ошто 69 пайызды жана Чүй облусунда 59 пайызды түзөрүн кошумчалады. Бишкек шаарында 66 пайыз кыргыздар жашаса, ал эми өлкө боюнча 100дөн ашык этностор жашаарын да айтып өттү.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

