ЭЛДИК ВИДЕО: "Баткендин Жаштык айылына тажик аскерлери кирип келүүдө" дейт жергиликтүү тургун
Баткен облусунун Жаштык айылына тажик аскерлери кирип келип жатканын айтып, агасы, иниси жана классташтары айылды коргоо үчүн кеткенин аталган айылдын тургуну билдирип, жергиликтүү тургун видео жөнөттү.
Видеодо "Кана, кыргыз армиясы, бул жерге келип карабайбы? Бүгүн, 1-май келгиле, жигиттер, өзүбүздүн айылды коргойлу" дегендерин угууга болот.
Ошондой эле жергиликтүү тургундардын колунда эч кандай курал жок экендигин кошумчалады.
Бүгүн саат 11:30га карата чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал салыштырмалуу курч мүнөздө экендигин УКМКнын Чек ара кызматы билдиришти.
Эскертүү: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.
Баткенде кайрадан ок атышуу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Таджикистан артында бир мамлекет туратта колдоп, бир сөз барго, болбосо кантип ушинтип карап турмушмак