super.kg logo

"Бир үйгө 20дан үй-бүлө жайгаштык, ал үй-бүлөнүн азыгы түгөндү". Лейлек районунун айылдарына жардам жетишсиз болууда

 

Лейлек районунун айылдарына гуманитардык жардам аз санда барып жаткандыктан бардык элге жетпей жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталы жергиликтүү тургундардын бирине байланышканыбызда билдирди. Анда ал качкын эл көп болгондуктан керектүү эң негизги нерселер - жалаяк, тамак-аш, дары-дармектер, жылуу кийим жетишсиз санда экендигин айтты.

"Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургуну болом. Маргун айылына качып келгенбиз. Бул жакта 10 миңдей качкын бар. Гуманитардык жардам келип жатат, бирок азыраак келип жатабы же биз көрбөй жатабызбы? Эл бул жакта аябай көп, жетпей сурагандар көп. Эл ток пейил, жардам берип жаткандарга рахмат. Ушуга да шүгүр деп бөлүшүп жеп жатабыз. Айылдын аялдар комитети өздөрү издеп жалаяк жана башка керектүүлөрдү алдыртып жатышат. Ооруп жаткандар көп, балдар ыйлап жатышат. Бизге керектүү эң негизги нерселер - жалаяк, тамак-аш, дары-дармектер. Булардын бардыгы баарыбызга жетпей жатат.

Биз ээси жок, эч нерсеси жок үйгө келдик, кээ бирөөлөр ээси бар үйгө барышты. Мисалы, бир киши 20 үй-бүлөнү мен багам деп үйүнө киргизди. Ал кишинин деле азык-түлүгү түгөнөт да, бүгүн үчүнчү күн болуп жатат. Майларыбыз, туз калбай калды. Дүкөндөн алалы десек эч нерсе жок. Ылдый жакка түшөлү десек ал жакта ок атылып жатат, кооптуу. Исфанага баралы десек жол алыс, айылда бензин жок. Илгерки согуштай эле болуп жатат.

Биз күн ысыкта келип, качкыла десе эч нерсе албай эптеп документтерибизди араң алып келе бергенбиз. Жука кийимдер менен келгенбиз ошого жылуу кийим, шым керек болууда. Үшүп, ооругандар көп", - деди Лейлек районунун тургуну.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
01.05.2021. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми гумжардамды да ырчы чоорчу жеткириш керек да.мамлекеттен жардам болуп жатабы деги?укпай жатабыз,корбой жатабыз..
01.05.2021. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен тан калдым, президенттен жок дегенде видео кайрылуу жасап колдоо жок,жогору жактан бирда ун чыкпайт гум жардам вообще жок! Уят москвада баткендиктер акча чогултуп жатат КРда ырчы, блогерлер жонокой эл оздору тамак кийим кече чогултуп жатат. Бизге кереги жок бийлик неге отурат???. ГУМ жардам Баткенге коп барды мен коруп аткандан,ойлойм ошолор лейлек районунада жеткирсе жакшы эле. Бирок лейлектик туугандар бизге тамак аш эмес курал жарак бергиле деп куйуп жатышат(
01.05.2021. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raykray,Лейлек ройонуга жол жок жака орукдо торт кочону жаап салган тажиктер ошон учун Лейлеке жетбейт
01.05.2021. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Amerikada, Moskva dagy bawka jaktagy kyrgyzdar chogultup jatkan karajat kemibey tolugu menen kyinalgan elge jetse eken
gilrfkg түзөттү 2021-05-01 13:45:22
01.05.2021. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Президен ого буга чалып телефондо суйлошуп эле отурат.
01.05.2021. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунча элди кыйнады үйлөрү талкаланып жок болду.Канчасы өлдү.Ушуну башында эле келген иттерди аттырып салганда бутмок да же сүйлөшүп чечишсе болот беле.Эми миң сүйлөшкөндө деле биздин пайдабызга чечилбейт.Эми дагы кеч эмес солдаттарга эле приказ беришсин талкалап чыккан жерине киргизип коюшсун
03.05.2021. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы,гум.жардам бардык жактан барып жатат,бирок баргандар Баткенге гана берип жатып сиздерге жетпей жатса керек,айыл башчыныздар сиздерге эмне керек айтып турса,аларга жызылып жетпегенин айтпаса копчулукко жетиши кыйын,сиздерге сабр тилейбиз,жакшы кундор алданды,К.Ташиев жакшы пландарды айтты ошолор орундалып калсын
Аммин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: