Өлкөдө аза күтүү күнүнө карата мамлекеттик туу түшүрүлдү (сүрөт)



Өлкөдө 1-2-май күндөрү жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Буга байланыштуу "Ала-Тоо" аянтындагы мамлекетик туу түшүрүлдү.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 1-2-май күндөрү Кыргыз Республикасында жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланган.
Эске салсак, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда кыргыз тараптан расмий маалымат боюнча 33 адам көз жумуп, 154 адам ар кандай жаракат алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.